“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда Жергиликтүү кеңештин депутаттары мандат алышты

29 Ноябрь 2024 жыл 19:29
Көрүүлөрдүн саны: 369

Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагында 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен шайланган 21 депутаттка мандат тапшырылды.

Токтогул райондук УШКнын катчысы Бактыгүл Маметова
Иш-чарага Кетмен-Дөбө аймагынын башчысы Болот Багымбаев катышып, депутаттарды куттуктап иштерине ийгилик каалап өттү.

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Болот Багымбаев

Депутаттык төш белги менен күбөлүктү Токтогул райондук УШКнын катчысы Бактыгүл Маметова тапшырды.

Жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп Алишеров Айдар Сыдыкович шайланды.


«Кетмен-Дөбө аймагында жалпы 21 мандат алардын ичинен 8 аял киши, 13 эркек балдар, эң жаш депутат 25 жашта, арасында экинчи жолу депутат болгон айымдарыбыз да бар. Депутаттарга төш белги жана күбөлүк тапшырып эл үчүн кызмат кылган, элдин үмүтүн актаган депутат болушуна тилектеш экенимди билдирип, иштерине ийгилик кааладым» дейт Токтогул райондук УШКнын катчысы Бактыгүл Маметова.

Даярдаган: Айтурган Акимжанова.