Токтогул районунда Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына карата «Тотуя» драмасы көрүүчүлөргө тартууланды.
Жазуучу, драматург Качкынбай Керимбаевдин Токтогул Сатылгановдун чыгармаларынын негизинде жазылган «Тотуя» драмасы, Токтогул райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан сахналаштырып көрсөтүлдү.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик адмнистрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев катышты.

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тузүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөдө жана кыргыз элинин демократ акыны Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына карата түзүлгөн иш-чара өтүлдү. Токтогул райондук маданият үйүнүн кызматкерлери «Тотуя» драмасын жогорку денгээлде сахналаштырып алып чыгышты. Жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем» деди өз сөзүндө Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев.
Токтогул райондук маданият үйүнүн кызматкерлерине жана иш-чаранын катышуучуларына райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктары тапшырылды.

Даярдаган: Айтурган Акимжанова.