6 Декабрь 2024 жыл 21:04
Көрүүлөрдүн саны: 209
2024-жылы 6-декабрында Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин окуучулары “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан алдында жөө жүрүшкө чыгышты. Жөө жүрүшкө мектептин жалпы окуучулары,милиция кызматкерлери жана мугалимдер катышышты.

Турусбек мектебинин окуучулары
«Бүгүнкү жүрүштүн максаты айылыбыздагы кылмыштуулукту жокко чыгарып, айыл элинин жана жаштардын келечеги үчүн күрөшүү. Айыл элин жана жаштарды зомбулуксуз жашоого үндөө менен ар бирибиз сүйүү,ынтымак жана теңдик бар үй-бүлөдө,коомдо жашаганга укугубуз бар экендигин көрсөтүү болду» дейт мектеп парламенттинин президенти Абдылас Анжыров.

“Кылмыштуулуктун алдын алуу жана элдерди зордук зомбулуксуз жашоого үндөө менен ар бир үй-бүлөөдө тынчтык,ынтымак,улуу-кичүүнү сыйлоо болгондо гана жаштар жаркын келечекте жашай алышарын түшүндүрүү менен зомбулуксуз жашоого чакыруу болду» дейт 11-класстын окуучусу Зарина Урматбекова.

“Бул жөө жүрүштү жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, ошондой эле жаштарга карата зомбулуктарды болтурбоо максатында уюштурулду» деп билдирди мектептин зам директору Урмат Ашырбаев.
Жөө жүрүштө милиция кызматкерлери кызматтык автоунаалар менен жөө жүрүштүн катышуучуларын коштоп,коопсуздугун камсыздап беришти.
Даярдагандар: Батма Камчыбекова,Азем Сабырбекова.
Post Views: 209