2024-жылдын 7-декабрында Кетмен-Дөбө айыл аймагында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо болуп өттү.

Жергиликтүү кеңештин төрагасы Айдар Алишеров
“Бүгүнкү жыйынга жалпы 83 делегат катышты. Алардын ичинен 5 делегат көрсөтүлүп, эки делегат өз калоолору менен баш тартышты. Калган 3 делегатка ачык шайлоо болуп, 2 делегат айым шайланды. Көпчүлүк добуш алган Кенже Шорукова менен Роза Жумабаева Элдик Rурултайга бармай болушту. Алар аймактагы эң көйгөйлүү болгон таза-суу, бала-бакча, жер трансформация маселелерин айтып, Элдик Курултайда чечилип келсе деген үмүттөбүз” дейт жергиликтүү кеңештин төрагасы Айдар Алишеров.

Даярдаган: Айзирек Жаныбекова, Азем Сабырбекова.