Бүгүн 14-декабрь Кетмен-Дөбө аймагына караштуу Терек-Суу айылынын Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектебинде директорлордун семинары болуп өттү.

Семинарга Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуева жана райондогу мектеп директорлору катышты. Жалпы семинарга 20 мектептин директорлору катышып “Мектептин материалдык- техникалык базасын чыңдоо” боюнча тажрыйба алмашуу семинар-экскурсиясы болду.

Биздин билим ордобузда жалпы 66 мугалим эмгектенет. Анын 12 агайлар. Үзүрлүү эмгегинин аркасында 8 мугалимибиз “Эл агартуунун отличниги” наамына ээ болгон. Жалпы окуучулардын саны 1002. Анын 491кыз, 511 эркек балдар.

Семинарды кыргыз-тилчи мугалимдер “Улуттук салт көргөзмөсү” менен ачып беришти. Улуу кыргыз көчүн чагылдырып, ак калпактын баалуулугун даңазалап жаш куракка жараша кийүү эрежесин көрсөтүп айтып беришти. Коноктор мектептеги жүрүп жаткан ийримдерге экскурсия жасашты. Алар: Математика, менталдык арифметика, шар окуу, музыка, англис тил,орус тили, спорт, валейбол, сүрөт. “Энелер мектеби”, формативдик баалоо: Quizizz” инструменти, активдүү угуу жана проблема чечүү практикасы, Мастер класс: “ БАБК” долбоорунун максаты жана мектептин материалдык базасын чыңдоо боюнча презентациялар жакталып көрсөтүлдү. Ошону менен “Ак-Бакай” жамаатык мультимедиа борборунун ишмердүүлүгү, жыл жыйынтыгы боюнча маалымат алышты.

“Бүгүнкү семинарда Турусбек мектебинин коллективинин эмгегин кошкондо он миллион сомдук сумманы тартып келип, төрт жылда мектептин техникалык базасын чыңдап, мугалимдерге жана окуучуларга шарт түзүп берген жетекчинин иши көрүнүп турат. Бул жерде жетекчинин ишмердүүлүгүн, көрөгөчтүгүн, коллективдин ынтымагын жана мугалимдердин аракеттерин көрдүк. Мектептин ичиндеги заманбап панелдер, компьюттердик кабинеттер, китепкана, спорт зал, ашкана, методикалык кабинеттер , душ көнүл жылытарлык. Жалпы мектеп жетекчилери өздөрүнө керектүү тажрыйбаларды алышты деп ойлойм” деди Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуева.

“Мен Токтогул районундагы №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору болом. Семинарга келип Турусбек мектебинин жетишкен жактарын көрдүк. Бизге бул семинар өтө керектүү жана пайдалуу анткени замандын талабы болуп турат. Семинарды уюштурган жетекчилерге ыраазычылык билдирем. Ар бир мугалимдин ишмердүүлүгү, жөндөмдүүлүгү заманбап интерактивдүү панел менен иштегендери болду. Алабама штаттынан келген волонтер менен эркин сүйлөшүп кызыктуу сабактарды өтүштү. Ошону менен окуучуларды журналистика кесибине даярдап жаткан “Ак_Бакай” медиа борбордун иш-тажрыйбасы да жакты. Турусбек мектебинде материалдык-техникалык база чындап жакшы денгээлде экенин көрүп өзүбүзгө пайдалуу керектүү жактарын алдык” дейт Бекназар мектебинин директору Апсатар Үтүров.

Семинардын жыйынтыгында мектеп директору Дөөлөтбек Кожомуратовго эл агартуунун отличнигине көрсөтүү сунушталды. Ар бир мугалимдин ишмердүүлүгүн баалап ардак громаталар берилери айтылды.

Даярдаган: Азема Сабырбекова, Арууке Эсенбекова.