“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда мугалимдер арасында спорттук таймаштар болуп өттү

22 Апрель 2025 жыл 14:36
Көрүүлөрдүн саны: 210

Токтогул районуна караштуу Кара-Күңгөй айылында мугалимдер арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Алты айылдын мугалимдери спорттук мелдештин алкагында күч, чеберчилик жана ынтымак көрсөтүштү. Мелдешке жалпысынан төрт спорттун түрү боюнча командалар катышты: волейбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргол. Ар бир команда өзүнүн мыкты оюнчуларын көрсөтүп, жеңишке жетүү үчүн болгон күчүн жумшады.
Волейбол боюнча беттештер абдан кызыктуу жана курч мүнөздө өттү. Күйөрмандар командаларды колдоп, оюнга өзгөчө дем беришти. Валейбол оюнундагы таймашуулар кызыктуу болду, мугалимдер өздөрүнүн валейбол талаасындагы жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү.
Шахмат жана стол тенниси боюнча мелдештерде мугалимдер стратегиялык ой жүгүртүү жана тактикалык чеберчиликтерин көрсөтүштү. Ал эми валейбол боюнча мелдеш чыныгы күч сыноо болду, анда командалар ынтымакташып биргелешип аракет кылышты.
Мелдештин жыйынтыгында бардык катышуучулар позитивдүү эмоцияларга ээ болушуп, спорттук духтагы күч сынашуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу сезишти. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарга ээ болушту.
Валейбол оюну боюнча: Турусбек мектебинин агайлары 1-орун
Ак-Тектир мектебинин агайлары 2-орун
Коргол мектебинин агайлары 3-орун
Мазар-Суу мектебинин агайлары 4-орун

Шахмат оюну боюнча агайлар арасында: 1-орун Коргол мектеби, 2-орун Турусбек мектеби
Эжекелер арасында: 1-орун Нурманбетов, 2-орун Жаманкулов
Тогуз коргоол боюнча: 1-орун Жаманкулов мектеби, 2-орун Турусбек мектеби
Эжекелер 1-орун Коргол мектеби, 2-орун Нурманбетов мектеби
Валейбол оюну боюнча эжеклер арасында: 1-орун Кара-Күңгөй
2-орун Чоң-Арык
3-орун Мазар-Суу

Бул спорттук мелдеш мугалимдердин эс алуусуна, ден соолугун чыңдоого жана кесиптештер арасындагы достук мамилени бекемдөөгө зор салым кошту.
Даярдагандар: Аэлита Зарылбекова, Азема Сабырбекова