“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Райкан Көкүмова: Максат менен соккон жүрөк, бакыт менен өмүр сүрөт.

26 Май 2025 жыл 22:26
Көрүүлөрдүн саны: 893

Бүгүн Токтогул районунун Терек-Суу айылынын кулуну, Курама уулу Турусбек атындагы мектептин бүтүрүүчүсү, Райкан Казыкбаевна бүтүрүү кечебиздин сыйлуу коногу болду. Ал өзүнүн бир айлык 21(жыйырма бир миң сом) пенсиясын мектептин алдыңкы мыкты мугалимдерине жана окуучуларына белек кылып стипендия тапшырды.
Райкан Казыкбаевнанын кең пейилдүүлүгү жана билимге инвестиция салуусу келечектеги ийгиликтүү муундун калыптанышына зор таасирин тийгизет. Ал жөн гана дарыгер эмес, ошондой эле жаш жүрөктөргө үмүт жана ишеним уялаткан чыныгы меценат
.

Мектепке бара элек кезинен эле врач болом деп кыялданган. Бул инсан мектепти жалаң “5” деген баа менен окуп, кийин Кыргыз Мамлекеттик Медицина Инстутутун 1979-жылы “Артыкчылык” диплому менен аяктап, алты жылдан кийин 1988-жылы 2 жылдык ординатураны бүтүрүп, кордиология адистигине ээ болот. Токтогул районундагы дипломдуу эң биринчи кардиолог дарыгер. Мына ушул кызматты отуз жети жылдан бери аркалап келет. Пенсияга чыгып жетимиш жаштан ашса дагы, өз сүйгөн кесибин улантып жаштарга үлгү болуп иштеп жатат. 47 жыл үзүрлүү, талыкпаган эмгек ээси 2024-жылы эң жогорку сыйлык: «Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген дарыгери» наамына татыктуу болгон.

“Билектүү бирди жыгат, ал эми билимдүү миңди жыгат” деген сөз бар эмеспи мен билимге чоң маани берем. Менин окуудагы жана иштеги өтө жоопкерчилигим, эмгекчилдигим жана тырышчаактыгым азыркы муунга үлгү деп ойлойм. Аларга шыктандыруучу эң чоң сабак болгондуктан окуучулар жакшы окуп, жогорку билимдерге ээ болуп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымын кошсо деген чоң үмүттөмүн. Бир айлык пенсиям 21миң сомду кичине болсо дагы өзгөчөлөнгөн алдыңкы окуучуларга жана аларды тарбиялаган мугалимдерге степендия кылып берип жатам. Бул традиция жыл сайын уланып турмакчы. Пенсиям көбөйсө стипендиянын өлчөмүн дагы көбөйтөм башкача айтканда бир айлык пенсиямды арнадым дейт Райкан Көкүмова

Анын бул noble иши коомчулукта чоң ыраазычылыкты жаратып, анын кадыр-баркын ого бетер көтөрүүдө. Райкан Көкүмова-бул өзүнүн эмгеги,кайрымдуулугу жана жаштарга болгон камкордугу менен элдин эсинде сактала турган улуу инсан.

Даярдаган: Азема Сабырбекова.