“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Үч-Терек айылында 20 жылдыктар көп балалуу жалгыз бой энеге үй салып беришти

28 Май 2025 жыл 0:12
Көрүүлөрдүн саны: 146

Токтогул районундагы Үч-Терек айылында 20 жылдыктар көп балалуу жалгыз бой энеге үй салып беришти

Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айылындагы М.Нургазиев атындагы орто мектебинин 2005-жылы бүтүрүүчүлөрү, 1987-жылы туулган айыл жаштары 20 жылдык мааракесине карата бул дүйнөдөн өтүп кеткен классташынын үй-бүлөсүнө 3 бөлмөлүү турак жай салып беришти.
Көп жылдан бери үйгө муктаж болуп жашап келген 5 балалуу жалыз бой энеге жаңы салынган турак жайды 20 жылдыктар расмий түрдө ээсине тапшырышты.


Үйдү тапшыруу аземине айылдын аксакалдары, энелери жана тургундары катышты.
Бул демилге айылдагы ынтымактын, боорукерликтин жана жигердүүлүктүн даана үлгүсү болуп калды. Үч-Терек айылынын жаштары баштаган бул салт мындан ары да уланат деген ишеним бар.

Даярдаган: Азема Кудуева