“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул суу сактагычынын эс алуучуларына суудагы коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

21 Июнь 2025 жыл 11:20
Көрүүлөрдүн саны: 219

Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана Токтогул РИИБнин кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун Кызыл-Кум участогу Токтогул суу сактагычынын эс алуучуларына суудагы коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.</strong>


Милиция кызматкери Мирлан Абдыгуловдун айтымында:— Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тарабынан район аймагында сууга түшүүгө тыюу салынган көлмөлөрдө, каналдарда, дарыяларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Биздин максат — сууга чөгүү учурларынын алдын алуу.
Жарандарга, айрыкча жаш балдары бар ата-энелерге эскертүү бердик: балдарды көзөмөлсүз калтырбагыла, өз алдынча сууга түшүүгө, тоо-ташка экскурсияга (поход) чыгууга уруксат бербегиле. Бул коопсуздук маселеси. Ошондой эле, эс алуу сезону башталгандыктан, райондун аймагында жүргөн чет элдик туристтерге сылык, маданияттуу мамиле кылууну дагы эскертип жатабыз. Бул — биздин аймактын беделин көтөргөн мамиле.
Биз мындай иштерди улантабыз жана жарандардын коопсуздугу — негизги максатыбыз.

Даярдаган: Азема Сабырбекова