“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

ЖРТ-2025: Жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдүн мугалимдерине ыраазычылык кат тапшырылды

24 Июнь 2025 жыл 23:43
Көрүүлөрдүн саны: 246

Бүгүн Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуева, ЖРТ-2025: Жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдүн мугалимдерине ыраазычылык кат тапшырды.

2024–2025-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөрдү даярдаган мектептердин жетекчилери менен эмгек жамааттарына ыраазычылык каттар тапшырылды. Бул сыймыктуу саамалык – Токтогул районундагы билим берүү мекемелеринин аракетинин жыйынтыгы.


Токтогул шаарындагы мектептердин жетишкендиктери:
№1 Токтогул атындагы орто мектебинин окуучулары:
— Бабанова Мээрим – 224 балл
— Саидинова Айгерим – 202 балл
— №4 Бримкулов атындагы орто мектебинен:
— Эшалиева Эмилия – 217 балл
— Алымова Кадича – 211 балл
— Исманова Алтынай – 207 балл
— Алтымышова Бермет – 204 балл
— Анарбаев Адил – 203 балл

Айыл мектептеринен:
— Көтөрмө айылындагы №18 К.Чокоев атындагы мектеп – Таалайбекова Аэлита – 209 балл
— Мазар-Суу айылындагы №14 Жоомарт атындагы мектеп – Кутчубаев Канатбек – 203 балл
— Үч-Терек айылындагы №29 мектеп – Нурдинов Мирбек – 202 балл
— Өзгөрүш айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы мектеп – Керимбеков Азирет – 202 балл


Бул ийгиликтер – окуучулардын тынымсыз аракетинин жана мугалимдердин эмгегинин жемиши. Биз бүтүрүүчүлөргө жаркын келечек, аларды билимге үндөгөн агай-эжекелерге бекем ден соолук жана чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Даярдаган: Азема Сабырбекова