«Бир айыл – бир продукт» улуттук экономикалык долбоорунун алкагында «Багбанчылык аймагыбыздагы өнүгүүнүн негизги багыты» аттуу семинар Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Чолпон-Ата айылындагы Имерилиш участкасында өттү.

Семинар жеке ишкер Токтогазиев Канат негиздеген багбанчылык багынын базасында уюштурулду. Иш-чарага райондун акиминин биринчи орун басары Н. Кожобергенов, акимдин орун басары – агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Н. Молдомусаев, айыл өкмөт башчысы Б. Багымбаев, дыйкандар, багбандар жана жеке ишкерлер катышты.

Семинар учурунда 9 гектар жерге отургузулган бак көрсөтүлүп, көчөт өстүрүү, сугаруу, дарылоо боюнча тажрыйба бөлүшүү болду.
Бак 2019-жылы негизделип, Польша мамлекетинен алынып келинген 1000 даана көчөт менен башталган. 2021-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 2 млн 450 миң сомго трактор жана шаймандар алынса, 700 миң сомго 8210 даана көчөт алып келинген. 2022-жылы дагы 5000 көчөт тигилген.
2025-жылга чейин 4000 даана көчөт отургузулуп, ал үчүн 800 миң сом бөлүнгөн. Бул көчөттөр БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын алкагында 42 апта бою камкордукта болот. Ошондой эле бул көчөттөр “Жашыл мурас” мамлекеттик программасына киргизилген.
Семинар аймактагы багбанчылыктын өнүгүшүнө дем берип, дыйкандар үчүн тажрыйба жана маалымат алмашуунун аянтчасына айланды.
Даярдагандар: Азем Кудуева