“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул: №12 Курама уулу Турусбек атындагы мектеп – “Жылдын мыкты мектеби” наамына татыды

24 Август 2025 жыл 23:58
Көрүүлөрдүн саны: 164

2025–2026-окуу жылына карата өткөрүлгөн “Август кеңешмесинин” алкагында Токтогул районундагы эң мыкты билим берүү мекемелери аныкталды. Алардын ичинен Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Курама уулу Турусбек атындагы жалпы билим берүү мектеби чоң ийгиликке жетишип, “Жылдын мыкты мектеби” наамына ээ болду.

Бул сыйлык мектеп жамаатынын талыкпас эмгегинин, жогорку сапаттагы билим берүүсүнүн жана тартиптүү уюшкан ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы катары каралды. Мектеп окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда, сынактарда мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, мугалимдер кесипкөйлүгүн тынымсыз өнүктүрүүдө.

Иш-чарада аким А.Тюкебаев жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева мектеп жамаатын жылдын мыктысы болуу менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты.

Бул сыйлык мектеп үчүн гана эмес, жалпы айыл аймагы үчүн да чоң сыймык болуп саналат.

Даярдаган: Азема Кудуева