“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул: Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылында волейбол боюнча ири турнир өттү

27 Август 2025 жыл 21:54
Көрүүлөрдүн саны: 122

Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын тургуну Асылбек Алыбаев атасынын жаркын элесине арнап чоң той-аш берип, анын алкагында мырзалар жана айымдар арасында волейбол боюнча масштабдуу турнир өткөрдү. Спорттук иш-чарага жалпысы 300 000 сом өлчөмүндөгү байге фонду коюлуп, турнир үч жаш куракка бөлүнүп уюштурулду: жаш муун, орто муун жана улуу муун. Жалпысы Токтогул районунун бардык айыл аймактарынан 42 команда катышып, мелдеш жогорку деңгээлде жана кызуу атаандаштыкта өттү.

Жыйынтык төмөнкүдөй болду:
Жаш муун:
— 1-орун: Кызыл-Туу командасы – 40 000 сом жана кубок
— 2-орун: Өзгөрүш командасы – 30 000 сом
— 3-орун: Кара-Күнгөй командасы – 20 000 сом
— 4-орун: Чоң-Арык командасы – 10 000 сом

Орто муун:
— 1-орун: Кызыл-Уран командасы – 40 000 сом жана кубок
— 2-орун: Ак-Тектир командасы – 30 000 сом
— 3-орун: Чоң-Арык командасы – 20 000 сом
— 4-орун: Саргата командасы – 10 000 сом

Улуу муун:
— 1-орун: Жетиген командасы – 40 000 сом жана кубок
— 2-орун: Саргата командасы – 30 000 сом
— 3-орун: Үч-Терек командасы – 20 000 сом
— 4-орун: Торкен командасы – 10 000 сом

Айымдар арасында да турнир ийгиликтүү өттү. Спортту өнүктүрүү жана айымдардын активдүүлүгүн арттыруу максатында өткөрүлгөн волейбол турнири аялдар арасында да уюштурулду. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар арасында кызыктуу оюндар болуп, жыйынтыгында мыкты командалар аныкталды.
Байге фонду – 20 000 сомду түздү.
Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

🥇 1-орун — Кара-Көл шаарынын командасы, 8 000 сом байге менен сыйланды.
🥈 2-орун — Чоң-Арык айылынын командасы, 6 000 сом.
🥉 3-орун — Үч-Терек айылынын командасы, 4 000 сом.

Бул турнир айыл-аймактардагы жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, ынтымакты бекемдеген маанилүү иш-чара катары белгиленди.
Мелдештин жыйынтыгында “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу” жана “Мыкты тосмочу” деген номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, ар бир жеңүүчү 2 000 сомдон акчалай сыйлык жана эстеликке сувенирлер менен сыйланышты. Бул сыйлыктар катышуучулардын демин күчөтүп, спортко болгон кызыгуусун арттырды.

Даярдаган: Азема Кудуева