“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Турусбек мектебине бүтүрүүчүлөрдөн чоң салым: 115 000 сомго “Желмаян” самосвал алынды

31 Август 2025 жыл 11:59
Көрүүлөрдүн саны: 131

Турусбек мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, мектепке 115 000 сомго 1,5 тонналык “Желмаян” самосвалы сатып алынды. Бул ишке мектептин ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрү жана демөөрчүлөр чогуу салым кошушту.

Демөөрчүлөр:
— 1983-жылкы 25 жылдыктар – 65 000 сом
— 20 жылдыктар – 20 000 сом
— 10 жылдыктар – 30 000 сом
Жалпы сумма – 115 000 сом
Бул демилге мектеп үчүн чоң жардам болуп, чарбалык иштерде, жүк ташууда жана мектеп инфраструктурасын жакшыртууда кеңири колдонулат.

Биздин мектептин бүтүрүүчүсү Осмонкулова Анаркан эженин 10 000 сом демөөрчүлүгү менен 11 000 сомго компрессор алынды. Бул шайман мекеме ишмердүүлүгүндө аба басымы талап кылынган жумуштарды жеңилдетип, иштин сапатын жакшыртууга көмөктөшөт. Компрессордун алынышы кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, техникалык камсыздоону жакшыртууга багытталган.

Мектеп ашканасына дагы колдоо көрсөтүлдү. Физика мугалими Шекилбаева Гүлнара өз демилгеси менен окуучулардын ыңгайы үчүн 40 даана кружка алып берип, мектеп жамаатына чоң жардам көрсөттү.

Турусбек мектебинин жамааты буга чейин жана азыр да колдоо көрсөткөн бардык бүтүрүүчүлөргө, ата-энелерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Сиздердин камкордугуңуздар – мектеп өнүгүүсүнүн кепили. Колдооңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Даярдаган: Азема Кудуева.