“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул: Жаңы-Арык айылындагы жайыт өрттөнүп, 20 гектар жер зыян тартты

7 Сентябрь 2025 жыл 19:54
Көрүүлөрдүн саны: 100

2025-жылдын 5-сентябрында Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылынын жайыт жеринде ири өрт чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча, болжол менен 20 гектардай аянт өрттөнүп кеткен.
Өрт саат 13:30дар чамасында башталып, күчтүү шамалдын таасири менен тез тараган. Өрттү өчүрүүгө:
— Токтогул райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү,
— Токтогул токой чарбасынын кызматкерлери,
— Терек-Суу милиция бөлүмүнүн кызматкерлери,
— Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана
— Жергиликтүү тургундар активдүү катышты.

Түзүлгөн кырдаалдын натыйжасында түнкү саат 24:00гө чейин өрт толук өчүрүлүп, жайыт жердеги өрт андан ары жайылып кетүүдөн сакталды.

ӨКМ тарабынан өрттүн чыгуу себептери такталып, тиешелүү тапшырмалар берилди. Аймак тургундарына от менен этият болуу жана жайыттарда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө.
Өрт — тилсиз жоо, кырсык — айтып келбейт.Кудай эли-жерибизди бөөдө кырсыктан, тилсиз жоодон сактасын! Барыбызга тынчтык, коопсуздук жана ынтымак каалайм.

Даярдаган: Азема Кудуева