“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул шаарындагы стадион толугу менен жаңыланды

15 Сентябрь 2025 жыл 0:25
Көрүүлөрдүн саны: 54

Токтогул шаарынын Эргеш Осмонов атындагы стадиону 1980-жылы курулгандан бери ири оңдоп-түзөөдөн өтпөй келген. Дээрлик 45 жылдан соң, бул объект мамлекет тарабынан каржыланып, толук жаңыртылды. Стадиондун оңдолушуна жалпысынан 256 миллион сом каралып, анын 172,7 млн сому тендердик негизде курулуш иштерине багытталган.

Тарыхы жана жаңылануу себептери

Бул стадион 1980-жылы Москва Олимпиадасынын урматына курулган. Убакыттын өтүшү менен абалы начарлап, капиталдык оңдоону талап кылган. 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Камчыбек Ташиевдин демилгеси аркылуу стадион толугу менен реконструкцияланды.

Жаңыланган стадиондун өзгөчөлүктөрү:

— Жалпы аянты — 2 гектар;
— Трибуналар — 3 450 көрүүчүнү батырат;
— Талаа жабдыктары — тоолуу климатка ылайыкталган жасалма чөп, чуркоо аянтчасы;
— Кошумча шарттар — кийим алмаштыруучу, калыстар, медиа жана VIP-коноктор үчүн бөлмөлөр;
— Жарыктандыруу — заманбап система орнотулуп, кечинде да оюн өткөрүүгө шарт түзүлгөн.

Стадиондун ачылышы Токтогул шаарындагы жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, ден соолукта жашоого шарт түздү. Ошондой эле, эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жаратты.

Даярдаган: Азема Кудуева.