“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Камчыбек Ташиев: Токтогул шаарына жаңы оорукана, мектеп, бала бакча жана асфальт жолдор курулат

16 Сентябрь 2025 жыл 12:00
Көрүүлөрдүн саны: 78


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Токтогул шаарындагы Эргеш Ормонов атындагы жаңыланган стадиондун ачылыш аземине катышуу менен бирге, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аймактагы көйгөйлөрдү жеринен аныктоо максатында атайын сапар менен келгенин билдирди.

Камчыбек Ташиев эл алдында сүйлөп жатып төмөнкү маанилүү убадаларды берди:

1. Жаңы оорукана – Токтогул шаарына заманбап оорукана курулат;
2. Реабилитациялык борбор – ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн борбор ачылат;
3. 750 орундуу мектеп – 2019-жылдан бери бүтпөй келген мектептин ордуна жаңы мектеп салынып, билим берүү маселеси чечилет;
4. 150 орундуу бала бакча – ошол эле аймакта мектепке чейинки билим берүү мекемеси курулат;
5. Шаар көчөлөрү асфальтталат – Токтогул шаарынын бардык көчөлөрү жаңы асфальт менен жабдылат.

Бул билдирүүлөрдү жергиликтүү эл кубануу менен кабыл алып, кол чаап колдошту.

Бул кадамдар — аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп, жашоочулардын жашоо шартын жакшыртуу багытындагы маанилүү демилгелер катары бааланууда.

Даярдагандар: Азема Кудуева.