2026-жылдын 25-26-сентябрында Токтогул районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында XIV Жалал-Абад облустук спартакиадасы ийгиликтүү өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У.О. Самаев, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин орун басарлары, ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын өкүлдөрү катышышты.

Спартакиадага ар кайсы район, шаарлардан келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кол күрөш, жаа атуу, шахмат, шашки, таш көтөрүү, жана коляска менен жарышуу сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча күч сынашты.

Токтогул районунан 18 катышуучу катышып, алардын ичинен үч спортчу мыкты жыйынтык көрсөтүп, өкүлчүлүктүн дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү үчүн райондук мамлекеттик администрациянын резервдик фондусунан 50 миң сом бөлүнгөн.
Даярдаган: Азема Кудуева.