2025-жылдын 1-ноябрында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгына карата Токтогул районунда өзгөчө маанилүү окуя болду — райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы өткөрүлдү.
Салтанаттуу иш-чарага Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев, райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери, ардагер милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аким А.А. Тюкебаев өз сөзүндө жаңы имараттын ачылышы — милиция кызматкерлеринин коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иштерин жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрүн белгилеп өттү.

Милициянын кесиптик майрамынын урматына ички иштер кызматкерлердин эмгеги бааланып, мыкты кызмат өтөп жаткандар Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.

Жаңы имарат заманбап шарттарда курулуп, кызматкерлердин ишине ыңгайлуу шарттарды түзүп берет. Бул өз кезегинде коомдук коопсуздукту камсыздоого кошумча мүмкүнчүлүк жаратып, жергиликтүү тургундар үчүн дагы ишенимдүү чөйрө түзүлөт.
Даярдагандар: Азема Кудуева.