“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Бишкекте Кыргызстандын Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жыл жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү

15 Декабрь 2025 жыл 0:45
Көрүүлөрдүн саны: 129

13-декабрь 2025-жылы Бишкек шаарында Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жыл жыйынтыктоочу конференциясы болуп өтүү. Конференцияга 27 жамааттык медианын жетекчилери жана улуттук өнөктөштөр катышты.
Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова бир жыл ичиндеги эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылган долбоорлор боюнча, «Улуттук потенциалды жана жарандык коомдун социалдык биримдигин чыңдоо», кичи долбоорлорду колдоо боюнча маалымат берди. Ошондой эле Жамааттык медиа жыл ичинде башка медиаларга, уюмдарга жана коомдук фондорго берген чакан гранттар жана квис,кахут оюндары аркылуу жергиликтүү тургундардын медиасабаттуулугун жогорулатканын баса белгилеп өттү.
Иш-чарада жыл ичинде эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылган долбоорлор менен иштешкен медиа жетекчилер аймактагы долбоорлордун тийгизген таасири, жетишкендиктери, өзгөчө жактарын жана пайдасы жөнүндө маалымат беришти.
Жамааттык медианын кабарчылары Айгерим Кубатбекова жана Перизат Таштанова жыл ичинде иштеген проекттерге «Медиа Элек», «Текшердим» «Кыргыз Жылкысы» жана радиосериал Чындык сабактары жөнүндө маалымат беришип чогуу иштеген медиа жетекчилерин баса белгилеп өтүштү. Аймактан келген ыктыярчылар жааматык медиа менен иштешүүдө кандай ийгиликтерге жетишкенин, коомго тийгизген таасирин, коомго так маалымат берүү аны туура жайылтуу менен коомго пайда алып келсе болорун айтып оз ойлорун бөлүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында жыл ичинде чогуу иш алып барган өнөктөштөрдү жана аймактагы медиаларды сыйлоо аземи болуп өттү. Активдүү иш алып барган медиалар техникалык жабдуулар менен камсыздалды. Алты жамааттык медиалар активдүү иш алып барганы үчүн штаттив, лампа, петличка менен сыйланышты.

Даярдагандар: Азема Кудуева, Айданек Жусупбекова.