“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Темирлан Бобушов: «Демөөрчүлүк-бул мекенге болгон сүйүү жана туура тарбиянын жемиши»

18 Январь 2026 жыл 23:14
Көрүүлөрдүн саны: 153

​Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагындагы, Кара-Күнгөй айылы — табияты кооз гана эмес, чыгаан инсандарды таптаган куттуу жер. Мына ушул айылдын кулуну, жергиликтүү кеңештин депутаты жана жеке ишкер Темирлан Бобушов бүгүнкү күндө өзүнүн кайрымдуулук иштери жана демөөрчүлүгү менен элдин алкышына татып келет. ​Темирлан Бобушов 17 жыл айылда жашап, кийин 25 жыл Бишкек шаарында ишкердик менен алектенсе да, киндик каны тамган жери менен байланышын эч качан үзбөгөн. 2015-жылдан бери ал Кара-Күнгөй айылынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга туруктуу демөөрчүлүк кылып келет.

​»Демөөрчү болуу — бул чоң жоопкерчилик. Кыйынчылык менен табылган каражатты коомдун өнүгүшүнө жумшоо, ар кандай сын-пикирлерге карабай жыл сайын туруктуу иш жасоо — бул менин атуулдук милдетим. Бул нерсе мага апамдан берилди го деп эсептейм, балага да туура багыт берүү, мекенчил кылып тарбиялоо, чыдамкайлык, чечкиндүүлүк сапаттарын өөрчүтүүнүн таасири болду. Элибиздин социалдык абалын оңдоо, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга жакындан жардам көргөзүү үчүн айыл эли демөөрчүлөрдүн жардамына муктаж. Киндик кан тамган айылыбызды оңдоо дүйнөлүк өңүгүүдөн калбоо, өнүккөн жана гүлдөгөн айыл аймакты тургузуу үчүн тапкан каражаттын бир бөлүгүн демөөрчүлүккө жумшап, салымымды кошуп келем» дейт Темирлан Бобушов. ​

​2021-жылы Темирлан Токтосунович Кетмен-Төбө айылдык кеңешине депутат болуп шайлангандан кийин, анын демөөрчүлүк иштери жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Элдин суранычы жана талабы менен ал эң татаал делген маселелерди чечүүгө киришти.​Темирлан мырзанын мындай мекенчилдиги апасынан алган тарбиясына жана мектеп курагындагы тажрыйбасына барып такалат. Мектепте окуп жүргөндө эле «Тимур жана анын командасы» тобунун башчысы катары согуш ардагерлерине жардам берип, суу ташып, короо-жайын тазалап чоңойгон. Мына ушул бала кездеги чыдамкайлык жана чечкиндүүлүк сапаттары бүгүн аны чоң иштерге сүрөп келет. ​Депутат өзүнүн ишмердүүлүгүндө «Жаңыланабыз, өзгөрөбүз!» деген ураанды карманат. Ал терс пикирлерге көңүл бурбай, болгон күчүн жакшылыкты жайылтууга жумшап келет. Бүгүнкү күндө Темирлан Бобушовдун демөөрчүлүк иштери жөн гана жардам эмес, бул элдин ага болгон ишенимин актоо жана айылдын келечегине болгон инвестиция болуп саналат.

Социалдык колдоо жана дем берүү максатында Кара-Күңгөй айылындагы, эки жаранга умра сапарына 2800 долларлык жолдомо, көп балалуу жаранга кир жуучу машина-30 000, айыл имамына пылесос-8000сом, «Таза суу» долбооруна катышкан жаранга Аристон-12 000 сом жана Чолпон-Ата айылынын мыкты окуучусуна Ыссык-Көлгө-13 000сом жолдомо берилди.
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Темирлан Бобушов тарабынан айыл элинин жыргалчылыгы үчүн бир катар маанилүү, элге кызмат кылган мыкты иштер аткарылды. Бул иштер анын жоопкерчиликтүү, демилгелүү жана элге жакын депутат экенин дагы бир ирет далилдеди.

Даярдаган: Азема Кудуева