“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул: «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» наамын Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү алды

28 Январь 2026 жыл 16:14
Көрүүлөрдүн саны: 94

2026-жылдын 26-январында 2025-жылдын жыйынтыгы, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясы болуп өттү. Аталган коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппарат жетекчиси А.А. Акбаралиев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук ишкана, мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мектеп директорлору, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Коллегиянын жүрүшүндө жыл ичинде райондун аймагында аткарылган иш-аракеттер жөнүндө кеңири маалыматтар угулуп, талкууланды.
Ошондой эле 2025-жылы райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге сыйлыктары тапшырылды.
«Жылдын мыкты айыл өкмөтү» наамы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө, «Жылдын мыкты мекемеси» N23 Жол тейлөө ишканасына, «Жылдын мыкты жетекчиси» Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги К.Дж. Искаковго ыйгарылды.

«Биз 2025-жылдын жыйынтыгы менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чечиминин негизинде «Мыкты айыл өкмөтү 2025″ наамын жеңип алдык. Бул айыл өкмөтүндө инвестиция, салык жана башка жалпы аткарылган иштердин жыйынтыгы менен бааланды. Бул айыл аймагыбыздын жалпы жетишкендиктери деп билсек» болот дейт айыл өкмөт башчысы Болот Багымбаев.

Даярдаган: Азема Кудуева