“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулдун спорстмендери Кыргыз Республикасынын биринчилигине жолдомо утуп алышты

12 Февраль 2026 жыл 22:54
Көрүүлөрдүн саны: 156

Манас шаарында өткөн волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигине тандоо мелдешинде, Токтогул райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (ДЮСШ) командалары ийгиликтүү оюн көрсөтүштү. Курч атаандаштыкка, күчтүү командаларга карабастан, балдар жана кыздар тайманбай күрөшүп, жогорку деңгээлде ойноо менен 3-орунду ээлешти.

Бул жыйынтык — спортчулардын талыкпаган эмгегинин, тартиптин жана команда катары биримдикте ойной билгенинин жемиши. Мелдештин жүрүшүндө өзгөчө мыкты оюн көрсөтүшкөн Данканай орто мектебинин 10-классынын окуучусу Нургазиев Айдиншер Мирбекович жана Нурманбетов мектебинин 10-классынын окуучусу Касымова Канайым Замирбековна, Кыргыз Республикасынын курама командасына тандалышты.

Мунун негизинде спортчулар март айында өтө турган Кыргыз Республикасынын биринчилигине катышууга жолдомо алышты. Бул — айыл жана мектеп үчүн чоң сыймык жана алдыга койгон максаттарына дагы бир кадам.

«Мен Айдиншердин жана Канайымдын агайы катары окуучуларым менен сыймыктанам. Аларга болгон ишенимим күчтүү. Буйруса, алдыда дагы талыкпаган эмгек менен эки окуучум Азиялык деңгээлдеги мелдештерге катышат деген ишенимим бар. Бул ийгиликке салым кошкон ата-энелерге, мектеп жамааттарына жана бизди ар дайым колдоп келгендердин баарына ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы чоң максаттар, бийик жетишкендиктер жана жаркын жеңиштер болот деп билдирди» машыктыруучу Нурбек Жолдошалы уулу.

Даярдаган: Азема Кудуева