“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул: Бөкөнбаев мектебинин мугалимдери Алматыга жолдомо утуп алышты

16 Февраль 2026 жыл 17:17
Көрүүлөрдүн саны: 364

Токтогул районунда мугалимдердин арасында ынтымакты бекемдөө жана сергек жашоону жайылтуу максатында уюштурулган «Санарип мугалимдер спорт лигасы» волейбол турнири болуп өттү. «Санарип Академиясы» тарабынан демилгеленген бул масштабдуу иш-чарага райондун 7 айыл өкмөтүнөн жалпы 41 мектептин мугалимдери катышып, чыныгы спорттук майрам болду. Валейбол оюну эки тур менен болуп, биринчи турнир 7-февралда аймак аралык болуп өттү. Аймактан женген мугалимдер Токтогулга келип 14-февраль күнү жыйынтыктоочу турнирге катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.

​Жеңүүчү аталган командаларга Санарип Академиясынын өтмө кубогу, 1-даражадагы дипломдор жана эң башкы байге — Казакстандын Алматы шаарына команданын 16 мүчөсү үчүн бир күндүк эс алуу жолдомосу тапшырылды. Башка байгелүү орундардын ээлерине да китептер белекке берилди. Бөкөнбаев жана Нургазиев мектебинин агай-эжекелери Алматыга жолдомо утуп алышты.
​​Эжекелер (айымдар) арасында:​
1-орун: №2 Ж. Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби (Чемпион);
​2-орун: Т. Нургазиев атындагы мектебинин командасы
​3-орун: К. Жаманкулов атындагы мектебинин командасы
4-орун: Курама уулу Турусбек мектебинин командасы

​Агайлар арасында:
​1-орун: Т. Нургазиев атындагы мектебинин командасы (Чемпион).
2-орун: Курама уулу Турусбек мектеби
3-орун: К.Жаманкулов мектеби
​4-орун: Салаев мектеби


​»Бул мелдеш мугалимдерге спортко болгон кызыгууну гана арттырбастан, кесиптештер арасындагы ынтымакты да бекемдеди. Биздин Бөкөнбаев мектебинин эжекелери эң жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп, 1-орунду багындырып Алматы шаарына бир күндүк жолдомо утуп алдык, ​ушундай сонун саамалыкты уюштуруп, мугалимдердин эс алуусуна жана өсүшүнө шарт түзүп жаткан Санарип Академиясына жана анын жалпы жамаатына мугалимдердин атынан ыраазычылык билдиребиз. Мындай долбоорлор мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүп, аларга жаңы дем-күч берет» деп билдирди Бөкөнбаев мектебинин валейбол командасынын капитаны Мээрим Жеенбаева

Даярдаган: Азема Кудуева