2026-жылдын 10–13-февраль күндөрү Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан уюштурулган оор атлетика боюнча жаштар-өспүрүмдөр арасындагы чемпионат болуп өттү. Бул мелдешке 2011–2012–2013-жылдары жана 2009–2010-жылдары туулган спортчулар катышты. Токтогул БОСМдин оор атлетика ийриминин жаш спортчулары чемпионатта ийгиликтүү чыгып, 8 чемпионду жана бир нече призерлорду катыштырып келишти.

🥇🥈🥉 2011–2012–2013-жылкы спортчулар:
27 кг — Анарбеков Адахан 🥇
31 кг — Касенов Иман 🥇
36 кг — Эргешбаев Фирдаус 🥈
49 кг — Дуйшонкулов Арлен 🥈
49 кг — Анарбеков Кайып 🥇
56 кг — Шамшиев Нурболот 🥇
56 кг — Карыпбеков Бакай 🥈
65 кг — Капаев Марлис 🥉
79 кг — Буланбеков Умар 🥇

+79 кг — Сакышов Нурадил 🥇
🏋️♂️ 2009–2010-жылкы спортчулар:
49 кг — Эргешбаев Рамазан 🥇
60 кг — Саманбеков Усман 🥈
71 кг — Арзыкулов Умар 🥉
79 кг — Капаев Жалын 🥉
88 кг — Малгараев Нуртилек 🥇
94 кг — Анарбеков Темирлан 🥈

👨🏫 Машыктыруучулар курамы:
Майназаров Эсенжан — Токтогул БОСМ директору, оор атлетика боюнча КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССР спорт чебери
Капаев Руслан — КР эмгек сиңирген спорт чебери
Ясынахунов Орифжан — КР спорт чебери
Асанов Алмаз — КР спорт чебери
Кыштообаев Мирлан — КР спорт чеберине талапкер

👏 Жаш спортчуларыбызды, машыктыруучуларды жана ата-энелерди бул зор жетишкендик менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Токтогул спорту өсүп-өнүгүп, жаңы чемпиондор чыга берсин! 💪🇰🇬
Даярдаган: Азема Кудуева.