“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул: Бекназаров мектеби олимпиадада алдыңкы орундарды багындырды

21 Февраль 2026 жыл 15:49
Көрүүлөрдүн саны: 299

2026-жылдын 11–12-февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган республикалык предметтик олимпиаданын райондук туру өткөрүлдү. Бул билим таймашына №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинен 29 окуучу катышып, өздөрүнүн билимин, талыкпаган эмгегин жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн көрсөтө алышты. Бекназар мектебинен барган окуучулардын көпчүлүгү алдыңкы орундарды камсыздап, 6 окуучу байгелүү орундарга ээ болушкан.

🥇 Орус тили – 1-орун
11-б класстын окуучусу Абдисадиева Кашымкан
🥉 Орус тили – 3-орун
10-а класстын окуучусу Суеркулова Шахмирзада
Даярдаган мугалими – Изашова Атырбү
🥈 Математика – 2-орун
10-а класстын окуучусу Мырзабекова Күмүшкан
Даярдаган мугалими – Тилекматова Мээрим
🥉 Физика – 3-орун
9-а класстын окуучусу Койчубаева Алия
Даярдаган мугалими – Турусбаева Елиза

🥉 Биология – 3-орун
9-а класстын окуучусу Акбаралиев Байтемир
Даярдаган мугалими – Субаналиева Миргуль
🥉 География – 3-орун
10-а класстын окуучусу Бактыбеков Айдамир
Даярдаган мугалими – Дайырбек кызы Беккыз

📌 Математика – 5-орун
11-б класстын окуучусу Абдырасулова Адэлина
Даярдаган мугалими – Сарпашова Рыскан
📌 Кыргыз тили – 5-орун
11-б класстын окуучусу Абдисадиева Асылжан
Даярдаган мугалими – Болотжан кызы Толкунбү.

«Окуучулардын жетишкен ийгиликтери – мектеп жамааты үчүн чоң сыймык болду. Ар бир жеңиштин артында талыкпаган эмгек, сабырдуулук жана үзүрлүү даярдык болду. Окуучуларыбыздын келечекке болгон ишенимин бекемдеп, аларга жол көрсөтүп келе жаткан мугалимдерибизге терең ыраазычылык билдирем. Облустук турга катышып окуучуларыбыз да, ийгилик жаратат деген ишенимдебиз» дейт физика мугалими Елиза Турусбаева.

Олимпиада — бул билимди гана эмес, туруктуулукту, аракетчилдикти жана өзүнө болгон ишенимди талап кылган сынак. Окуучулардын жетишкендиктери — алардын тынымсыз эмгегинин жана мугалимдердин сапаттуу даярдыгынын жыйынтыгы.

Даярдаган: Азема Кудуева