“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда Тажик-Ооган ардагерлерине арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү

26 Февраль 2026 жыл 15:54
Көрүүлөрдүн саны: 151

2026-жылдын 25-февралында тарых барактарында өзгөчө из калтырган Тажик-Ооган чек арасындагы куралдуу кагылышууларга 27 жыл толушуна карата Токтогул районунда эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара алгач Токтогул шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде башталып, мекен үчүн жанын курман кылган жоокерлердин жаркын элесине гүлчамбарлар коюлуп, үч ирет залп атылды. Андан соң куран окулуп, алардын эл-жер үчүн кылган эрдиги, тайманбастыгы жана мекенчилдиги терең урматтоо менен эскерилди.

Эскерүү аземи райондук маданият үйүндө уланды. Анда Тажик-Ооган чек арасындагы куралдуу кагылышууларга катышкан ардагерлерге ыраазычылык билдирилип, «Ардак грамота» жана «Ыраазычылык кат» тапшырылды. Райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, патриоттук ырлар жаңырып, мекенди сүйүүгө, тынчтыкты баалоого үндөгөн чыгармалар аткарылды.

Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К. Аттокуров, Кыргыз Республикасынын тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн Жалал-Абад облустук “Тажик-Ооган чек арасындагы согуштун катышуучуларынын ардагерлери” коомдук бирикмесинин төрагасы К. Абжапаров, ошондой эле Жалал-Абад облусунун район, шаарларынан келген ардагерлер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын соңунда сөз сүйлөгөндөр тынчтыктын кадырын билүү, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо жана ардагерлердин эрдигин унутпоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Мындай эскерүү иш-чаралары келечек муундар үчүн тарыхый сабак болуп, элдин биримдигин жана ынтымагын чыңдоого кызмат кылаары айтылды.

«Биз бүгүн Мекен үчүн жанын аябай кызмат өтөгөн, кыйын кезеңдерде мамлекеттин коопсуздугун сактоого салым кошкон жоокерлерди терең урматтоо менен эскерип жатабыз. Алардын кайраттуулугу, мекенчилдиги жана антка бекемдиги жаш муундар үчүн чоң үлгү, ошондой эле ардагерлерге чың ден соолук, узун өмүр каалайбыз, алардын коомдогу орду өзгөчө, мамлекет тарабынан колдоо мындан ары да улантылат. Тынчтыкты сактоо жана өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо ар бир жарандын ыйык милдети, бүгүнкү күндө жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо маанилүү» дейт акимдин орун басары Куттубек Аттокуров
27 жылдык мааракеге карата райондо жашаган Тажик-Ооган жоокерлерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлүп, атайын каражат бөлүнүп берилди. Бул аракет ардагерлердин эрдигин баалоо жана аларга камкордук көрсөтүү максатында болду.

Даярдаган: Азема Кудуева.