“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул району: Билим берүү тармагында коррупцияга орун жок

1 Март 2026 жыл 1:20
Көрүүлөрдүн саны: 66

Токтогул районунда келечек ээлерине татыктуу тарбия берүү жана билим берүү мекемелеринде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында алгылыктуу иштер жүрүүдө. Жакында Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Куттубек Аттокуров жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Нияз Ормонов Токтогул шаарындагы бала бакчаларды кыдырып, жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
​​Иш сапардын негизги максаты — бала бакчалардагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу болду. «Достук», «Байчечекей» жана «Арча-Бешик» балдар бакчаларынын жамааттары менен жолугушууда төмөнкү маанилүү маселелер көтөрүлдү: Ар бир жетекчи жана тарбиячы өз ишинде мыйзам чегинде гана аракеттенүүсү тийиш. Бакчага кабыл алуу, каражаттардын жумшалышы жана башка чарбалык иштер коомчулук үчүн ачык болушу шарт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жүрүм-туруму, ата-энелер менен болгон мамилеси этикалык нормаларга төп келүүсү керек.
​»Коррупция — бул өнүгүүгө кедергисин тийгизген терс көрүнүш. Өзгөчө бала бакча сыяктуу назик тармакта тазалык биринчи орунда турушу керек. Биздин максат — паракорчулуктун алдын алуу жана ар бир тыйындын максаттуу жумшалышын көзөмөлдөө», — деп белгиледи Куттубек Аттокуров.
​​Текшерүүнүн алкагында комиссия мүчөлөрү коррупция маселеси менен гана чектелбестен, бакчалардын ички абалына да көңүл бурушту. Бөлмөлөрдүн жабдылышы, оюнчуктардын жана окуу куралдарынын абалы. Ашканалардын, тамак-аш сактоочу жайлардын жана уктоочу бөлмөлөрдүн тазалыгы. Балдарга берилип жаткан билимдин сапаты жана методикалык колдонмолордун колдонулушу.

​Иш сапардын алкагында өзгөчө көңүл «Арча-Бешик» балдар бакчасына бурулду. Бул мекемеде жакын арада республикалык деңгээлдеги семинар өткөрүү пландалууда. Район жетекчилиги даярдык иштерин баалап, ошол эле учурда иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча бир катар сунуштарын жана сын-пикирлерин ортого салды.

​Токтогул районундагы мындай профилактикалык иш-чаралар билим берүү тармагындагы ачыктыкты камсыз кылууга жана коррупциялык көрүнүштөрдү түп тамырынан бери жоюуга багытталган. Бул багыттагы иштер мындан ары да туруктуу негизде улантылмакчы.

Даярдаган: Азема Кудуева