“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды: Ротация алкагында жаңы адис келди

4 Март 2026 жыл 23:58
Көрүүлөрдүн саны: 184

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 4-мартындагы №14 буйругуна ылайык, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна Олжобаев Нурбек Курманбекович дайындалды. Жаңы жетекчини эмгек жамаатына район акими Акылбек Тюкебаев жеке өзү тааныштырып, алдыдагы жооптуу милдеттерге токтолду.

«Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери! Бүгүн биздин райондун агартуу тармагында жаңы барак ачылып жатат. Нурбек Курманбекович — билим берүү тармагынын бардык тепкичтерин басып өткөн, мектеп директорунан тарта райондук деңгээлдеги жетекчилик кызматтарды аркалаган тажрыйбалуу адис.
Ротациялоо — бул жаңы көз караш, жаңы энергия жана тажрыйба алмашуу дегенди билдирет. Биздин негизги максатыбыз — мектептердеги билим берүүнүн сапатын көтөрүү, мугалимдердин кадыр-баркын чыңдоо жана балдарыбызга татыктуу шарттарды түзүү. Жаңы жетекчиден чечкиндүү кадамдарды жана ачык-айкын ишти күтөбүз» деп билдирди өз сөзүндө Токтогулдун акими Акылбек Тюкебаев

Нурбек Олжобаев 1982-жылы Ноокен районунун Кыла айылында туулган. Ал билим берүү тармагында бай тажрыйбага ээ: Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси, мектеп директору. Бул дайындоого чейин Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.

Тааныштыруу аземинде билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер белгиленип, алдыдагы артыкчылыктуу багыттар боюнча иш пландар талкууланды.

Даярдаган: Азема Кудуева