3-март — Мамлекеттик туу күнү жана 5-март — Ак калпак күнү Токтогул шаарында салтанаттуу белгиленди. Көк асманда желбиреген туубуз менен ата-бабадан калган ыйык мурасыбыз — ак калпакты даңазалаган бул салтанат миңдеген тургундардын башын бириктирип, ар бир жарандын жүрөгүнөн орун алды. Майрамдык маанай Сүйөркулов көчөсүнөн башталган салтанаттуу жүрүш менен башталды. Шаардагы бардык ишканалардын жана мекемелердин эмгек жааттары, жергиликтүү тургундар, ак сакалдуу аталар жана жаштар, колдоруна мамлекеттик тууларды кармап, башына ак калпак кийген мекенчилдер борбордук аянтка чейин жөө жүрүш жасашты.

Борбордук аянтта салтанаттуу жыйын өтүп, Токтогул шаарынын мэри Бекмамат Бактыбеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
«Мамлекеттик туу — биздин көз карандысыздыгыбыздын белгиси, ал эми Ак калпак — ата-бабадан калган ыйык мурасыбыз. Бул эки баалуулук биздин улуттук намысыбызды жана биримдигибизди бекемдеп, келечекке жол көрсөтүп турат.» деп белгиледи ал өз сөзүндө.

Иш-чаранын эң маанилүү жана сыймыктуу учуру — аскер кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик туунун көтөрүлүшү болду. Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырып, аскердик бөлүмдүн өздүк курамы салтанаттуу кадамдар менен өлкө символун бийиктикке чыгарышты. Бул көз ирмемде ар бир катышуучунун жүрөгүндө Мекенге болгон сыймык күчөдү.


Салтанаттын соңу райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт менен коштолду, ата-журтту, эркиндикти жана элдин каада-салтын даңазалаган чыгармалар жаңырып, элдин маанайын көтөрдү. Улуттук бийлер аркылуу кыргыз маданиятынын кооздугу жана тарыхы чеберчилик менен көрсөтүлдү.

Бул майрамдык иш-чара жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо, мамлекеттик символдорду кадырлоо жана улуттук кийимдерди даңазалоо аркылуу элдин духун көтөрүүнү максат кылды.


Даярдаган: Азема Кудуева.