“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул-Бешташ автожолунун жол жээгиндеги мамылар жаңырат

4 Апрель 2026 жыл 22:52
Көрүүлөрдүн саны: 50

Токтогулда Бешташ автожолунун жол жээгиндеги мамычалар жаңыртылат.Токтогул районунун өнүгүүсүнө жана калктын коопсуздугуна багытталган кезектеги ири долбоор ишке ашууда. Учурда жүрүп жаткан Токтогул-Бешташ автожолунун реконструкциясынан улам, жол жээгиндеги эскирген жыгач мамыларды жаңылоо жана коопсуз жерге жылдыруу зарылчылыгы келип чыккан.
Бул маселени ыкчам чечүү жана Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Кескен-Дөбө, Кара-Күнгөй жана Ак-Тектир айылдарынын тургундарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, «Атайын Эсеп» мамлекеттик мекемеси тарабынан 2026-жылдын планына ылайык заманбап электр жабдуулар бөлүндү.
Жалпы суммасы 1 014 380 сомду түзгөн төмөнкү жабдыктар айылдардын жарыгы жана коопсуздугу үчүн жумшалат:
Темир-бетон электр мамычалары (СВ-110-5, 10 кВ) — 66 даана;
Траверса 10 кВ (металл) — 66 даана;
Изолятор ШФ-10 кВ (фарфор) — 540 даана;
Траверса М-8 (бекитме) — 18 даана;
Стык-подкос (металл тирөөч) — 6 даана;
Электр зымы (А-70 алюминий) — 50 кг.
Бул иш-аракеттер эскирген жыгач мамылардан арылып, заманбап жана туруктуу электр тармагын түзүүгө өбөлгө болот.

Даярдаган: Азема Кудуева