Токтогул шаарында кезектеги ишембилик уюштурулуп, Ош-Бишкек трасса жолдорунун жээктери, айланасы жана шаар ичиндеги көчөлөр, мекемелердин тегерек четтери тазаланды. Ар бир айыл аймактардагы мекеме, ишкана жана көчөлөр иретке келтирилип, ишембилик май айына чейин уланат..

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, мекеме, ишканалардын айланасы жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды.

Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды.

Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.

Даярдаган: Азема Кудуева