Токтогул районунда мектеп окуучулары арасында баскетбол боюнча райондук этап өткөрүлдү. Оюндар Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин спорт залында уюштурулду.

Нургазы Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын жигиттери жакшы оюн көрсөтүп, татыктуу түрдө чемпион болушту. Эми алар, ошондой эле ушул мектептин кыздар командасы, облустук мектеп лигасында райондун намысын коргомокчу.
🏆 Мелдештин жыйынтыгы:
Уландар:
🥇 1-орун — Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы (Токтогул ш.)
🥈 2-орун — Коргол атындагы орто мектеп (Чоң-Арык айылы)
🥉 3-орун — Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп (Токтогул ш.)
Кыздар:
🥇 1-орун — Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы (Токтогул ш.)
🥈 2-орун — М.Нургазиева атындагы орто мектеп (Үч-Терек айылы)
🥉 3-орун — Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп (Токтогул ш.

«Бул мелдештер акыркы жылдарга салыштырмалуу райондогу баскетболдун деңгээли кыйла өскөнүн көрсөттү. Көрүүчүлөр үчүн кызыктуу жана курч беттештер өтүп, өзгөчө кыздар командалары жакшы оюн көрсөтүп, жагымдуу таасир калтырды. Бардык катышуучуларга ийгилик, ал эми алдыдагы облустук этапта жеңиш каалайбыз» дейт Бакыт Чакиев
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери Токтогул райондук билим берүү бөлүмү тарабынан кубок, дипломдор менен сыйланышты. Токтогул райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жамааты мелдешти уюштуруп беришти.
Даярдаган: Азема Кудуева