“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин болот

7 Апрель 2026 жыл 14:13
Көрүүлөрдүн саны: 38

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында 6-апрель күнү райондун акими А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду.

Райондун тургундары айыл чарбасы, электр энергиясы, ишкерлик жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Райондун башчысы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандардын маселелерин чечүү боюнча түшүндүрмө берилип, аткарылышы көзөмөлгө алынды.

Токтогул районунун тургундары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө бөлүнгөн график боюнча келип, өздөрүнө тийиштүү маселелерди айтып суроолоруна жооп алышса болот.
Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Т. Асановдун кабыл алуусу ар шаршемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын аппарат жетекчиси Э.Апит уулунун кабыл алуусу ар жума күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.


Коомдук кабылдаманын ишенимдүү байланыш телефон номери: 03747 5-00-63.

Даярдаган: Азема Кудуева