Токтогул районунун Торкен айылынан тарта Кара-Жыгач, Үч-Терек аймактарына чейин масштабдуу ирригациялык жумуштар жүрүп жатат. Эскирген арыктар жаңы лотокторго алмашып, каналдар заманбап бетон палотнолору менен капталууда. Бул аракеттердин башкы максаты — суу коромжосун азайтып, дыйкандарды сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу. Торкен айылындагы жер, ушул убакытка чейин иштетилбей келген же суунун жетишсиздигинен эрозияга учураган 30 гектар жерди суу менен камсыз кылуу үчүн 250 метр аралыкка жаңы лотоктор орнотулду.
«Бул жерлер дыйкандарга кооператив түрүндө бөлүнүп берилген. Суу жетпей, мурунку арыктар эрозияга учурап жаткандыктан, жетекчиликке сунуш бергенбиз. Натыйжада узундугу 250 метр болгон, 40 даана лоток берилип, бүгункү күндө орнотуу иштери жүрүп жатат, — дейт адис Руслан Көкүмбаев.

Узун-Акмат суу чарба бөлүгүндө М1 жана М2 каналдарынын үч чакырымга жакыны тазаланды. Учурда бетон палотносуна камдоо иштери жүрүүдө. Бул суу арыктан 1100 гектар жерге суу жеткирилет.
«М-1 жана М-2 каналдарында ондоо иштери жүрүүдө. Райондогу эң маанилүү делген М-1 жана М-2 каналдары биригип, жалпы 1100 гектар жерди суу менен камсыз кылат. Учурда бул каналдардын 3 чакырымга жакын бөлүгү тазаланып, бетон палотнолорун төшөө иштери бүттү. Быйыл да күн кургакчыл болору күтүлүүдө, ошондуктан сууну кеңейтип, арыктарды чоңойтуп, бузулган тетиктерин оңдоп жатабыз », — дейт адис Чилдебай Сартбаев.

Бетон палотнасы менен арыктарды бекемдөө жумушу 3 чакырымга аткарылды. Чоң-Арык каналында тазалоо иштери жүрүүдө, жер каналдарынын 34 чакырымын тазалоо быйылкы жылдык планда каралган жалпы 21 миллион сомдук жумуштун учурда 50 пайызы аткарылды.
«Жалпысынан бир сугат мезгилине 60 пайызы даяр болуп калды. Бүгүнкү кундо М-1 нососун жана М-2 нососун камсыздоочу канал болуп эсептелет, бул жер 2025-жылга пландалып бүтпөй калган азыркы күндө калган 2 км жерге палоттно төшөлүп жумуштар да, соңуна чыгып калды» дейт -Нурсултан Эргешбай уулу.
Район боюнча жалпы 21 миллион сомдук жумуш пландалса, анын жарымы аткарылып бүттү. Өзгөчө басым каналдарды бетондоо (палотно) жумуштарына жасалууда. Былтыркы жылдын күзүнөн бери 3,8 чакырымдан ашык жерге жаңы ыкма менен бетон төшөлгөн. Ошондой эле, ички чарбалык каналдарды Суу чарба башкармалыгына өткөрүү процесси жүрүп жатат. Жазгы себүү иштеринин абалы Райондук администрациянын маалыматы боюнча, март айынын жаанчыл болушуна байланыштуу талаа жумуштары бир аз кечигип башталган. Ошого карабастан, учурда айдоо жана себүү иштеринин 20 проценти аяктады. Камбар-Ата насостук станциясы аркылуу Кара-Жыгач жана Үч-Терек айылдарына да, суу жеткирүү багытында иштер токтоосуз жүрүүдө. Токтогул районунун жетекчилиги жана суу чарба адистери вегетациялык мезгил башталганга чейин бардык каналдар толук ишке кирерин белгилешти.
Даярдаган: Азема Кудуева