“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда мугалимдер арасында «Ден соолук – 2026» спартакиадасы башталды

11 Апрель 2026 жыл 23:56
Көрүүлөрдүн саны: 40


​Токтогул районунда билим берүү кызматкерлеринин арасында спорттун түрлөрү боюнча «Ден соолук – 2026» салттуу спартакиадасы өтүп жатат.
​Бул спорттук иш-чаранын негизги максаты — билим берүү тутумунда эмгектенген кызматкерлердин арасында спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын калыптандыруу жана мугалимдердин ден соолугун чыңдоо болуп саналат. Ошондой эле, мугалимдер арасындагы достукту, бири-бирин түшүнүүнү бекемдөө, спортту массалык түрдө жайылтуу жана агартуучулардын активдүү эс алуусун уюштуруу багытында спорттук оюндар өткөрүлүүдө.

​Аймактык оюндар: 11-12-апрель күндөрү тийиштүү аймактарда өткөрүлүп жатат. Аймактардан жеңип чыккан оюнчулар жолдомо алып, финалдык беттештер 18-19-апрель күндөрү Токтогул шаарында болот. ​Учурда аймактарда волейбол (агайлар жана эжекелер арасында), тогуз коргоол, шахмат жана теннис боюнча кызуу оюндар башталды. ​Алсак, Кетмен-Дөбө айыл аймагында жети айылдын мугалимдери катышып, төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишишти:

1. Тогуз коргоол:
1-орун Коргол мектеби (эжекелер)
2- орун Нурманбетов мектеби
1-орун Жаманкулов мектеби ( агайлар)
2-орун Жаманкулов мектеби

2. Шахмат:
1-орун Коргол мектеби (эжекелер)
2-орун Турусбек мектеби
1-орун Турусбек мектеби (агайлар)
2-орун Нурманбетов мектеби

3. Теннис:
1-орун Коргол(эжекелер)
2-орун Турусбек мектеби
1-орун Нурманбетов мектеби(агайлар)
2-орун Нурманбетов мектеби

4. Валейбол:
1-орун Жаманкулов мектеби(эжекелер)
2-орун Жоомарт мектеби
​ 1-орун Турусбек мектеби(агайлар)
2-орун Жоомарт мектеби

Токтогул райондук спорт мектеби тарабынан бекитилген калыстар тобу болду. Биринчи орун алган агай эжекелер Токтогул шаарындагы финалдык оюнга катышат.

Даярдаган: Азема Кудуева