“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогул: «Жыл мугалими 2026» райондук сынакта гран-при ээси Рыскүл Токтоназарова болду

21 Апрель 2026 жыл 21:52
Көрүүлөрдүн саны: 227

Токтогул шаарында «Жыл мугалими 2026» сынагынын аймактык жана райондук этаптары болуп өттү. Токтогул районуна караштуу, Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Чолпон-Ата айылындагы башталгыч классынын мугалими Рыскүл Токтоназарова «Жыл мугалими 2026» сынагына катышып, областка жолдомо утуп алды. Токтогул району боюнча жалпы 39 мектеп катышып, 18 мектептин мугалимдери райондук турга жолдомо алышкан. Ар бир предметтен катышуучулар, 25 минуталык сабак көрсөтүп анын жыйынтыгы менен алдынкы орундага ээ болуп, областка жолдомо алышты. Сынакта Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери катышып, мугалимдердин эмгектерин баалашты.

Рыскүл Токтоназарованын педагогикага болгон сүйүүсү бала кезинен башталган. Анын апасы — көп жылдар бою башталгыч класстын мугалими болуп иштеген Ширин Токушова. Бүгүн Рыскүл апасынын жолун татыктуу улап, №15 Данканай атындагы орто мектебинде келечек муунга билим берип келет. Ал өз ишинде жөн гана окутпастан, ар бир баланын ички дүйнөсүн ачууга, чыгармачылыгын ойготууга басым жасайт.

“Аккан арыктан суу агат” демекчи, апасынын жолун жолдоп, бүгүн билим берүү тармагында бийиктиктерди багындырып жаткан каарманыбыздын ийгилик таржымалы көпчүлүккө үлгү.

“Мен үчүн бул жыл өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени мен экинчи жолу «Жыл мугалими — 2026» сынагына катышып, чоң тажрыйба топтодум. Бул сынак жөн гана атаандаштык эмес, ал — өзүмдү сыноо, кесиптик чеберчилигимди арттыруу жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жолу болду. Эң толкунданткан учур — «Жыл мугалими — 2026 байгеси сизге ыйгарылды» деген сөздү уккандагы сезим болду. Ошол мүнөттө жүрөгүм кубанычка толуп, көз ирмемде бардык эмгегим акталгандай болду. Бул жеңиш мен үчүн күтүүсүз болсо да, абдан баалуу жана унутулгус белек болду”.

Көп кырдуу инсан жана коомдук ишмер Рыскүл. Заманбап мугалим бир гана мектептин ичи менен чектелбеши керек. Рыскүл Токтоназарова — бул айтылган сөздүн жандуу далили. Ал билим берүүдө, жаңы технологияларды жана интерактивдүү методдорду колдонгон новатор мугалим. Жергиликтүү кеңештин депутаты катары элдин көйгөйлөрүн чечүүгө активдүү катышат. Жеке ишкер катары айылдын экономикасына өз салымын кошуп келет. Үй-бүлөлүү сүйүктүү жар жана үч уулдун апасы.

Жеңиш – бул биргелешкен эмгектин үзүрү. Сынактын Гран-при байгесин жеңип, облустук турга жолдомо алган каарманыбыз ийгилигин мындайча жыйынтыктайт:
“Бул жетишкендик — менин гана эмес, мени колдоп турган кесиптештеримдин, окуучуларымдын жана жалпы билим берүү чөйрөсүнүн жеңиши деп билем. Алардын ишеними мага күч берип, алдыга умтулууга дем берди. Мен бүгүн чындап кубанычтамын жана сыймыктанам. Бул байге — менин мугалимдик жолумдагы чоң кадам. Мындан ары да талыкпай эмгектенип, окуучуларым менен дагы көп ийгиликтерди жарата берүүгө аракет кылам”.

Алдыда Рыскүл Токтоназарованы облустук деңгээлдеги чоң сыноо күтүп турат. Биз кесиптешибизге ийгилик каалап, анын чыгармачылык жолу дагы көптөгөн бийиктиктерге жетерине ишенебиз!

Даярдаган: Азема Кудуева.