Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана катаал аймактарынын бири болгон Токтогул районунун Толук айылында ички иштер органдарынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул объекттин ачылышы Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта өткөн иш-чаранын алкагында ишке ашкан.

Буга чейин Толук айыл аймагында кызмат өтөгөн тартип сакчылары үчүн тиешелүү шарттар дээрлик жокко эсе болчу. Кызматкерлер туруктуу имараты жоктугунан ар кимдин үйүн ижарага алып же оорукананын имараттарында убактылуу жайгашып, оор шартта иштеп келишкен. Мындай кыйынчылыктардан улам кээ бир адистер бир айга жетпей жумуштан кетүүгө аргасыз болушкан учурлар да катталган.
Ички иштер министрлигинин курулуш-монтаждоо башкармалыгынын жетекчилигинин тыкан уюштуруусу менен бүткөрүлгөн жаңы имарат бул көйгөйлөрдү түп тамырынан бери чечти. Эми тартип сакчылары үчүн иш бөлмөлөрү гана эмес, үй-бүлөсү менен жашоого ылайыктуу бардык заманбап шарттары бар турак жай да кошо курулду.

Жаңы имаратта кызматтык кабинеттерден сырткары, кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган атайын сурак бөлмөлөрү жана убактылуу кармоочу жайлар каралган. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Көкбай Турдакунов төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Мурда милиция кызматкерлери ижарада туруп, шарттын жоктугунан кыйналышчу. Элдин суроосу менен кайра келген кызматкерибизге бүгүн жакшы там салынды. Иш бөлмөлөрү, кылмышкерлерди сурай турган, кармай турган өзүнчө кабинеттери бар экен, баары жакшы түзүлүптүр».

Белгилей кетсек, Толук айыл аймагына Ноот, Алмалуу, Чаар-Таш жана Толук айылдары кирет. Жалпысынан 3383 калк жашаган бул аймак район борборунан 80 чакырымдан ашык алыстыкта, тоолуу шартта жайгашкан.
«Имарат заманбап эмеректер жана керектүү жабдыктар менен толук камсыздалды. Мындай кадам алыскы аймактагы элге ыкчам жана сапаттуу укуктук жардам көрсөтүүгө, коомдук тартипти бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Учурда ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иштер өлкө боюнча улантылууда дейт» Ички иштер министрлигинин өкүлү Алмазбек Асанов.
Даярдаган: Азема Кудуева, Гүлбагым Амантаева.