“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылында кудай тамак өткөрүлдү

27 Апрель 2026 жыл 15:12
Көрүүлөрдүн саны: 40

Бүгүн Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында Кудай тамакка өткөрүлдү. Кудай тамакка каражат элдик салым менен чогултулуп эки бодо мал союлду. Кудай тамакты жамгыр жаасын жана элибизде тынчтык болуп ар бир дыйкандын эмгеги кайтып түшүм мол болсун деген ниетте болду.

Жалпысынан элдик салым менен 130 миң сомго бир баш ири мүйүздүү мал жана күрүч, май алынды. Экинчи бодо малды айыл тургуну биология мугалими Роза Жумабаева 130 миңге бодо мал алып, үй-бүлөсүнүн атынан союп элдин батасын алды.

Кудай тамактын негизги максаты — Жараткандан элге тынчтык, жерге береке суроо болду. Курмандык чалынып, Куран окулгандан кийин айыл аксакалдары жана тургундары өздөрүнүн ак тилектерин ортого салышты: Жамгыр өз убагында жаап, жер бети көгөрүп, эгин-тегиндин түшүмү мол болушун тилешти. Өлкөбүздө дайыма тынчтык өкүм сүрүп, ар бир үйдө кут-береке, элдин турмушунда бакубаттуулук болсун деген каалоолор айтылды. Айыл ичиндеги биримдик бекемделип, жамандыктар алыс, жакшылыктар гана арта берсин деген баталарды аксакалдар беришти.

Иш-чаранын уюштуруучусу Таалай Эсеновдун айтымында, бул салт көп жылдардан бери туруктуу сакталып келет. Элдин бир жакадан баш чыгарган ынтымагынын натыйжасында, ар бир түтүн 400 сомдон каражат топтошкон. Бул каражатка курмандыкка чалынуучу мал жана ашка керектүү азык-түлүктөр алынган. Быйылкы ашка жалпысынан 120 кг күрүч басылып, айыл тургундарына тамак тартууланды.

Айылдагы бул иш-чаранын эң кызыктуу жана тарбиялык мааниси бар жагы — кызматтын ирээттүү бөлүштүрүлүшү. Салт боюнча, жыл сайын белгилүү бир курактагы азаматтар келинчектери менен биргеликте жалпы элге кызмат кылышат. Бул жоопкерчилик муундан муунга өтүп турат. Быйылкы кызматта 1980-1981-жылы туулган азаматтар жубайлары менен бирге мал союп, казан асып, күрүч басып, элдин ак батасын алышты. Өткөн жылы бул милдетти 1978-1979-жылкы муун татыктуу аткарган. Мындай иштер айылдагы муундар аралык байланышты чыңдап, жаштарды эмгекке, жоопкерчиликке жана улууларды сыйлоого тарбиялайт.

Даярдаган: Азема Кудуева