“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда жаңы келген техникалар айылдардын жолдорун оңдоого киришти

27 Апрель 2026 жыл 16:24
Көрүүлөрдүн саны: 41


Токтогул шаардык мэриясы муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен бирге, инфраструктураны жакшыртуу иштерин активдүү баштады. Жаңы алынган техникалар салтанаттуу тапшырылгандан кийин дароо ишке киришип, шаарга караштуу айылдардын жолдорун иретке келтирүүдө.

Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын автопаркы заманбап атайын техникалар менен толукталды.
Жаңы техникалар: 2 даана FAW үлгүсүндөгү таштанды чыгаруучу унаа; 1 даана АС (ассенизатор) унаасы — саркынды сууларды сордуруу үчүн; 1 даана заманбап грейдер — жол иштери үчүн.

Жаңы келген грейдер автотехникасы токтоосуз түрдө өз ишин баштады. Учурда Токтогул шаарына караштуу Кызыл-Туу жана Кара-Суу айылдарында ички көчөлөрдү тегиздөө жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Өзгөчө басым коомдук транспорт (маршруттук каттамдар) жүрүүчү жолдорго жана унаа эң көп каттаган көчөлөргө жасалууда. Бул иштердин натыйжасында айыл тургундарынын жүрүп-туруу шарты кыйла жакшырып, жол каттамы коопсуз жана ыңгайлуу болуп калды.

Токтогул шаардык мэриясы инфраструктураны өнүктүрүү жана элге ыңгайлуу шарттарды түзүү иштерин мындан ары да улантарын убадалайт. Техникалык базанын жаңыланышы — бул шаардын тазалыгына жана гүлдөп өсүшүнө кошулган чоң салым.

Даярдаган: Азема Сабырбекова.