Бүгүн Кыргызстандын билим берүү кызматкерлеринин арасында өзгөчө маанай өкүм сүрүүдө. Өлкө тарыхында соңку 30 жыл ичинде болуп көрбөгөндөй деңгээлде айлык акылардын жогорулашы мугалимдердин турмушунда жаңы баракты ачты.

Аймактардагы мектептерде мугалимдер апрель айынын эмгек акыларын өзгөчө толкундануу жана кубаныч менен кабыл алышты. Көптөгөн педагогдордун айтымында, мындай сезилерлик өсүш эгемендик алгандан бери алгачкы ирет болуп жатат.
Тажрыйбалуу педагогдор жана мектеп жамааттары мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн бул камкордукту жогору баалашууда. Мугалимдердин маанайлар жакшы.

»Биз 30 жылдан бери билим берүү тармагында иштеп, көптөгөн өзгөрүүлөрдү көрдүк. Бирок мынчалык деңгээлде айлыгыбыз көтөрүлүп, мугалимдин эмгегине реалдуу баа берилген учур болгон эмес. Бул биз үчүн күтүлбөгөн дем-күч болду,» — дешет аймактагы мугалимдер.

Токтогулдагы Терек-Суу айылынын №12 Курама уулу Турусбек мектебинин жамааты, бул тарыхый кадамдын башында турган өлкө президентине — Ажообузга ыраазычылык билдиришүүдө. Бул жөн гана каражаттын көбөйүшү эмес, бул — мугалимдин кадыр-баркын мамлекеттик деңгээлде бийиктетүү экенин баса белгилешти.
Жогорулаган айлык акы үй-бүлөлүк муктаждыктарды кенен жабууга шарт түзөт. Мугалимдик кесип кайрадан эң кадырлуу жана престиждүү жумуштардын катарына кошулду. Эми мугалимдер кошумча жумуш издөөнүн ордуна, бүтүндөй көңүлүн окуучуларга жана билим берүүнүн сапатына бура алышат.
Аймактардагы билим берүү бөлүмдөрүнүн маалыматына караганда, мындай колдоодон кийин мектептерге жаш кадрлардын агылып келиши күтүлүүдө. «Көңүлү ток мугалимдин — билими терең болот» деген принцип бүгүн иш жүзүндө далилденүүдө.
Бүгүнкү күндөгү мугалимдердин жүзүндөгү жылмаюу — бул эртеңки күчтүү, билимдүү жана өнүккөн Кыргызстандын пайдубалы.
Даярдаган: Азема Кудуева