“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулда «Жылдын мыктылары — 2026» аныкталды: Билим берүү кызматкерлери сыйланды

30 Апрель 2026 жыл 9:35
Көрүүлөрдүн саны: 36

Токтогул районунда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин кадыр-баркын арттыруу максатында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» конкурстарынын райондук этабы жыйынтыкталды.

Токтогул шаарындагы №2 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин базасында райондук билим берүү кызматкерлеринин башын бириктирген чоң майрамдык иш-чара өттү. Салтанатка райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А. Тюкебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев, мектеп жана бала бакча директорлору, ошондой эле педагогдор катышты.

​Бул сынак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-декабрындагы №703 токтомунун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде уюштурулду.

​Тандоо бир нече баскыч менен жүрүп, төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:
​Мектептерден: Жалпы 48 мугалим катышып, анын ичинен 19у райондук этапка жолдомо алган. ​Бала бакчалардан: 8 тарбиячы өз өнөрлөрүн жана педагогикалык чеберчилигин көрсөтүштү.


​Кылдаттык менен жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыгында, ар бир предмет боюнча эң мыкты деп табылган 13 мугалим, 1 тарбиячы жана 1 музыкант областтык этапка жолдомо алышты.

​Салтанаттын алкагында жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга төмөнкү сыйлыктар тапшырылды:
​Райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары;
​Райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары;

​»Билим берүү — бул коомдун келечегине салынган эң чоң инвестиция. Бүгүн сыйлык алып жаткан мугалимдерибиз — биздин районубуздун гана эмес, бүтүндөй өлкөбүздүн сыймыгы. Областтык этапта ийгиликтерди каалайбыз!» — деп белгиледи аким А. Тюкебаев өз куттуктоосунда.

​Бул иш-чара мугалимдердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө стимул берип, билим берүү тармагындагы жаңы инновациялык ыкмаларды жайылтууга чоң өбөлгө болду. Областтык баскычка өткөн жердештерибизге Токтогул районунун намысын татыктуу коргоосун каалайбыз.

Даярдаган: Азема Кудуева