“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Бишкек-Ош жолуна чоң көлөмдө таш түштү

5 Май 2026 жыл 12:45
Көрүүлөрдүн саны: 32

Бишкек-Ош эл аралык унаа жолунда 2026-жылдын 5-майына караган түнү таш көчкү түштү. Жолдун 440-чакырымында (Кара-Көл менен Таш-Көмүр шаарларынын ортосундагы тилке) 4-майдан 5-майга караган түнү, саат 01:00–02:00 чамасында ири көлөмдөгү таш көчкү түшкөн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын техникалары жеринде иштеп жатат. Азыркы тапта жолдун бир тарабы тазаланып, унаалардын өтүүсү үчүн бир тараптуу кыймыл берилди. Экинчи тилкени толук ачуу иштери уланууда.
Аталган тилкеде 3-майдан бери майда таштар кулап жаткандыгы байкалган, бул тоо боорлорундагы катмарлардын бошоңдоп жатканынан кабар берет.

Айдоочуларга бул тилкеден өтүүдө өзгөчө этият болуу, жол эрежелерин сактоо жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткаруу сунушталат.

Даярдаган: Азема Сабырбекова