Коомдук ишмер, француз, орус тилинен эркин сүйлөгөн жана котормочу, Токтогул райондук аялдар кеңешинин төрайымы Чынара Суракматова.
Бүгүнкү күндө коомубузда аялзатынын орду жана ролу өзгөчө мааниге ээ. Өзүнүн көп жылдык тажрыйбасы, билимдүүлүгү жана кесипкөйлүгү менен элдин сыймыгына айланган инсандардын бири — Чынара Сарпековна Суракматова. Ал — өмүрүнүн жарым кылымын билим берүүгө арнаган ардагер педагог, Франциядан тажрыйба топтоп келген лингвист жана учурда Токтогул райондук Аялдар кеңешинин төрайымы катары коомдук иштердин сап башында турган айым.
Чынара Сарпековнанын эмгек жолу терең билим менен башталган. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктап, француз тилинен котормочу жана педагог адистигине ээ болгон. Анын изденүүчүлүгү чек ара билген эмес: лингвистика илими боюнча жазган долбоорунун негизинде Франциянын Vichy шаарындагы университетте эки айлык стажировкадан өтүп, эл аралык деңгээлдеги тажрыйба топтогон.
Кыргызстанда жалгыз семетейчи Сейдана Молдекееванын эстелигин мектепке жана райондун борбордук аянтына койгондугу үчүн Токтогул райадминистрациясынын Ардак грамотасынын ээси болгон.

1996-жылдан тарта билим берүү тармагында эмгектенип, жөнөкөй мугалимдиктен мектеп директоруна чейинки жолду басып өттү. Анын жетекчилик сапаттары жана педагогикалык чеберчилиги Манас атындагы орто мектептин директору болуп иштеп турган мезгилде өзгөчө жаркырап көрүнгөн. Чынара Сарпековна — «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисинин ээси жана көптөгөн мамлекеттик деңгээлдеги сыйлыктардын лауреаты.

Учурда Чынара Сарпековна ардактуу эс алууда болсо да, анын жигердүүлүгү басаңдаган жок. Токтогул райондук Аялдар кеңешинин төрайымы катары ал аймактагы аялдардын укугун коргоо, үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөө жана жаш муундарды тарбиялоо багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет. Буга чейин райондук жана айылдык кеңештерде депутат катары элдин үнүн жеткирип, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан.

Чынара Суракматова «Билим берүүнүн отличниги», КР Билим берүү министрлигинин жана облустук борборлордун Ардак грамоталары. «Мыкты депутат», «Өмүрү өрнөк апакем» төш белгилери жана АРИС, МЕРСИКО сыяктуу эл аралык уюмдардын ыраазычылык каттарын алган. Билим берүү жана долбоорлор менен иштөө боюнча бир катар методикалык макалалардын автору.

Даярдаган: Азема Сабырбековна