“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Эстебес Бакиев: Курултайда көтөрүлгөн маселелер ишке ашып жатат

20 Май 2026 жыл 15:39
Көрүүлөрдүн саны: 66

Токтогул районунун Көк-Таш, Коңур-Өгүз жана Өзгөрүш айылдарында акыркы убакта жаткан ири долбоорлор ишке ашып жатат. Биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү Элдик курултайлардын делегаты Эстебес Бакиевдин «Чоңко туугандар» аттуу катында көтөрүлгөн көптөгөн орчундуу маселелер бүгүн кагаз бетинде калбай, иш жүзүндө толук кандуу аткарылып жаткан учуру.

Делегат тарабынан ГЭСтердин дирекцияларын көчүрүү, аймактарды өнүктүрүү жана жогоруда аталган үч айыл аймагына „Өзгөчө статус“ берүү сыяктуу глобалдык, стратегиялык маселелер жигердүү көтөрүлүүдө. Бул демилгелер аймактын экономикалык жана социалдык абалын түп тамырынан бери өзгөртүүгө багытталган.
Учурда айылдардын ички жана сырткы жолдорун оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Алсак, Өзгөрүш айылынан тартып Ош автотрассасына чейинки жол толугу менен асфальтталды. Үстүбүздөгү 2026-жылы дагы 5 чакырым жолго асфальт төшөө пландалса, жакын арада Борбуев көчөсүнүн 1,5 чакырымдык тилкесине асфальт басуу иштери башталат.
Муну менен катар, жөө жүргүнчүлөр үчүн айыл ичине 6 чакырым тротуар курулуп, Коңур-Өгүз суусуна жаңы, заманбап көпүрө салынат. Билим берүү тармагында да алгылыктуу иштер бар: аймакта бир жаңы мектептин курулушу толук аяктаса, экинчи — Жогорку мектептин имараты ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилет. Ошондой эле Коңур-Өгүз, Өзгөрүш жана Көк-Таш айылдарын ичүүчү суу менен камсыз кылуучу „Таза суу“ долбоору да аяктоо алдында турат.

«Мен биринчи Элдик курултайда Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин дирекцияларын Токтогул шаарына көчүрүп келүү маселесин көтөргөм. Ошондой эле бардык инвестициялар, которуулар жана төлөмдөр биздин райондун банктары аркылуу жүргүзүлүшү керектигин талап кылгам. Муну менен катар Токтогул районунун элине электр энергиясы үчүн төлөнүп жаткан компенсацияны туруктуу (түбөлүктүү) кылып берүү сунушун киргизгенмин.
Бул маселелер ошол учурдагы 10 айылдык жана шаардык кеңештердин сессияларында каралып, Президент С. Жапаровго жана Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө расмий кат жолдонгон. Бирок, тилекке каршы, бул демилгеге таасирдүү адамдар ачык эле каршы чыгышты. Анткен менен бул маселенин актуалдуулугу дагы деле жогору бойдон калууда.
Ал эми социалдык объекттерге токтолсом, учурда Бууракан мектебинин курулушу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министри Д. Кендирбаева бул мектепти 2026-жылдын 1-сентябрына чейин ачууга убада берген. Белгилей кетсек, бул мектептин курулушу биринчи Элдик курултайдын иш-чаралар планына кирген болчу. Мындан тышкары, КР Президентинин буйругуна ылайык, М. Жунусалиев атындагы орто мектепке кошумча корпус куруу тапшырмасы берилди. Аны 2026–2027-жылдары бүткөрүү милдети Мамкурулуш агенттигине жана Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүккө жүктөлгөн расмий тиркеме колго тийди. Мен курултайлардын алкагында Президент С. Жапаровго жана министр Д. Кендирбаевага ушул маселелер боюнча эки жолу кат жүзүндө кайрылгам», — дейт аксакал Эстебес Бакиев.

Элдик курултайдын делегаты Эстебес Бакиевдин талыкпаган жигердүү эмгеги жана бийлик бутактарынын туура колдоосунун натыйжасында, бүгүн аталган үч айылдын турмуш-шарты жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө.

Даярдаган: Азема Сабырбекова