“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

«ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ЫРЫС БАР!»

9 Июнь 2026 жыл 0:24
Көрүүлөрдүн саны: 16

Кадырман Токтогул районунун тургундары, активисттери жана чет өлкөдөгү мекендештер! Алдыда улуу Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары келе жатат. Районубуздун намысын эл аралык деңгээлде бийик тутуу — баарыбыздын орток милдетибиз!
2025-жылы Токтогул райондук Аялдар Кеңешинин «Аалам көркү аялзат – үй-бүлөнүн очогу» аттуу форум өткөн. Форумда Анаркан Осмонкулова райондук Аялдар кеңешине боз үйдүн жыгачын белекке берген. Ошол күндөн баштап атайын комиссия түзүлүп, иш кызуу жүрүп жатат. Жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу жана элдин салымы менен 200 000 сом чогултулуп, ууз чеберлерибиздин колунан боз үйдүн жасалгалары жасалып жатат. Сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз!
Азыркы күндө боз үйдүн ички сырткы жасалгасына 250 000 сом каражат жетишпей жатат. Токтогулдук мекенчил активисттерибиз жана жалпы элибиз бул ишти аягына чыгарууга чоң салым кошуп, колдоо көрсөтөт деген ишеничибиз чоң!

Райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы Чынара Суракматованын расмий кайрылуусунун негизинде, акчалай жардам чогултула баштады. Ар бир сом — улуттук маданиятыбызга жана Токтогулдун намысына кошулган чоң колдоо. Көчмөндөр оюндарында Токтогулдун боз үйү эң кооз, эң салтанаттуу үйлөрдүн бири болсун! Жараткан ар бир кылган жакшылыгыңыздарды кабыл кылсын!

💳 МБАНК РЕКВИЗИТТЕРИ:📱 Номер: 0704466960

Даярдаган: Азема Сабырбекова