“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулдук ишкер көзү азиздер коомуна колдоо көрсөттү

15 Июнь 2026 жыл 10:39
Көрүүлөрдүн саны: 76

Азыркы санариптештирүү заманында компьютердик технологиялар ар бир мекеме-уюм үчүн аба менен суудай зарыл. Бул муктаждыкты туура түшүнгөн жергиликтүү жетекчилик менен ишкерлер Токтогул райондук көзү азиздер коомуна көмөк көрсөтүү демилгесин көтөрүштү.

Райондук акимдин орун басары Куттубек Аттокуровдун сунушу жана колдоосу менен жеке ишкер Айданбек Таалайбеков аталган коомго уюштуруу техникаларын (оргтехника) сатып алуу үчүн каржылык жардам берди. Бөлүнгөн каражатка коомдун кеңсеси үчүн жаңы компьютер алынмакчы.

Жардамды кабыл алып жатып, Токтогул райондук көзү азиздер коомунун төрагасы Ырыскулбек Өзбеков төмөнкүлөргө токтолду:
«Биздин коом үчүн техникалык жабдылыш абдан маанилүү. Жаңы компьютердин алынышы иш кагаздарын заманбап деңгээлде жүргүзүүгө чоң шарт түзөт. Ишкер инибиз Айданбекке жана ушул ишти уюштурган район жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз», — деди төрага

Мындай асыл иштер коомдогу тилектештикти бекемдеп, өзгөчө камкордукка муктаж жарандардын социалдык маселелерин чечүүгө, уюмдун материалдык-техникалык базасын чыңдоого зор салым кошот. Ишкердин ишине ийгилик каалап, бул демилге башкаларга да үлгү болот деген үмүттөбүз.

Даярдаган: Азема Сабырбекова